Астанада Сириядагы абал боюнча сүйлөшүү башталды

23 январь 2017 10:56 958 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын борбору Астана шаарында Сирия боюнча сүйлөшүү  башталды. Сүйлөшүүгө Орусия, Түркия жана Ирандын делегациялары тынчтык конференциясынын алдында ыктымал кол коюлчу документтерди иштеп чыгуу үчүн жолугушуу өткөрдү. Сирия президенти Башар Асад жана бул өлкөдөгү оппозициялык топтор ортосундагы ок атышууну токтотууга салым кошууну көздөгөн сүйлөшүүгө АКШдан Казакстандагы элчи Жорж Крол катышат.  Сирия оппозициясы 50 чакты адамдан турган делегациясын жиберерин билдирген. "Интерфакс" кабар агенттиги оппозициядагы булактарга таянып маалымдагандай, алар Сирия өкмөттүк делегациясында мурда макулдашылгандай аскерий адамдар эмес, саясатчылар үстөмдүк кылганына нааразылыгын билдирип, бул жыйынга келбей турган болду.

Ссылка: https://barometr.kg/content601



Добавить комментарий