Бүгүн Кыргызстандын мечиттеринде Мьянмадагы көз жумган мусулмандарга багышталып Куран окулат

8 сентябрь 2017 10:04 418 Barometr
Бөлүшүү:
ok

8-сентябрь ыйык жума күнү өлкө аймагындагы бардык мечиттерде Мьянмадагы мусулман коомчулугу үчүн түзүлгөн кырдаалда көз жумган мусулман бир туугандарга багышталып Куран окутулат. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эскерте кетсек, Мьянманын мусулмандар көп жашаган Аракан штатындагы жаңжалдар 25-августа башталгандан бери Бангладешке өтүүгө аргасыз болгон мусулмандардын саны 90 миңге жеткени кабарланууда. Мьянма өкмөтү болуп жаткан жаңжалдарда жана армиянын кийлигишүүсүнөн болжол менен 400 адам көз жумганын, аталган штаттан мусулман эмес 12 миңдей тургун көчүрүлгөнүн  маалымдалууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content6008



Добавить комментарий