Бразилия жана Марокко менен визалык макулдашууларды жактыруу боюнча мыйзам каралды
Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңеш жыйынында өлкөлөр ортосундагы макулдашуулар белгиленген бир катар мыйзам долбоорлору каралды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Алар:
- «Бишкек шаарында 2017-жылдын 26-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бразилия Федерациялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык, расмий/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» КР мыйзам долбоору;
- «2017-жылдын 30-мартында Рабат шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Марокко Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» КР мыйзам долбоору;
Аталган мыйзам долбоорлору боюнча КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баяндама жасады. Маалыматка ылайык, дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери Бразилия менен Мароккодо 30 күндүн ичинде каттоосуз жүрө алышат.
Тармактык комитеттин тиешелүү корутундусу менен мыйзам долбоорлору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.
Ссылка: https://barometr.kg/content5981
Добавить комментарий ×