Атамбаев Сапар Исаковдун берген антын кабыл алды

7 сентябрь 2017 13:49 588 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Парламентте бүгүн, 7-сентябрда өкмөт мүчөлөрү ант берди. Ант берүү тексттин эгемендүү Кыргызстандын 29-өкмөт башчысы Сапар Исаков окуду. Анын антын бул иш-чарага катышып жаткан Алмазбек Атамбаев кабыл алды. 

 Конституцияга ылайык өкмөттүн жалпы  курамы түзүлгөндөн кийин эки аптадан кечикпей министрлер кабинетинин мүчөлөрү ант бериш керек.

 Эскерте кетсек, 25-августта парламент Кыргызстандын 29-өкмөт башчысын шайлаган. 40 жаштагы Сапар Исаков премьер-министр болгон.

Өкмөттүн жаңы курамын колдоп 97 депутат добуш берди, каршы 5 депутат добуш ыйгарган.

Жаңы өкмөттүн курамы:

Премьер-министри – Сапар Исаков;

Биринчи вице-премьер-министри – Толкунбек Абдыгулов;

Вице-премьер-министри – Дүйшөнбек Зилалиев;

Вице-премьер-министри (социалдык блок) – Чолпон Султанбекова;

Вице-премьер-министри (коопсуздук блогу) – Темир Жумакадыров;

Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиев;

КР тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев;

КР ички иштер министри – Улан Исраилов;

КР юстиция министри – Уран Ахмедов;

КР каржы министри – Адылбек Касымалиев;

КР экономика министри – Артем Новиков;

КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев;

КР транспорт жана жолдор министри – Жамшитбек Калилов;

КР өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов;

КР билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева;

КР саламаттыкты сактоо министри – Талантбек Баатыралиев;

КР маданият, маалымат жана туризм министри – Түгөлбай Казаков;

КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Таалайгүл Исакунова;

КР улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы – Абдил Сегизбаев;

КР коргоо иштери бонча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Мирбек Касымкулов;

КР өнөржай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Улан Рыскулов;

КР маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы – Нурбек Абасканов.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5970



Добавить комментарий