Динара Кутманова, эколог: «Суу жетишпей шаардагы бак дарактар куурап жатат, бул экология үчүн өтө коркунучтуу жагдай»
-Динара эже, Кыргызстандын борбор калаасы болгон Бишкектин экологиясынын эң кооптуу жагы кайсылар?
-Бишкектин экологиясынын эң коркунучтуу жана зыяндуу жагы бул аба ырайы. Аба ырайы толугу менен машинадан чыккан газдан булганып бүткөн. Өзүңөр көрүп жатасыңар, статистика деле көрсөтүп жатат. Оорулуулардын арасынан онкология жана аллергия менен жабыркагандар көбөйдү. Баардык оорулар дем алып жаткан аба менен байланыштуу болот. Мурда түз байланышы жок дешчү. Азыр илим изилдөөчүлөр адамдын дем алып жаткан абасы түздөн-түз ден-соолугуна зыянын же пайдасын берет деп айтып жатышат. Бишкекте транспорттун көлөмү акыркы убактарда 3 эсе көбөйүп кетти. Азыр машинелердин саны 2миңден ашат. 2 миилион киши жашаса, ар бир бешинчи адамдын машинасы бар. Бишкектин борборундагы аба зыяндуу. Муну азыртадан чара көрбөсө, кийин зыянын өзүбүз эле тартып калышыбыз мүмкүн. Азыр жеңил машиналар, маршурткалар көп. Булардын ордуна автобустарды троллейбустарды көбөйтүүнү эртелетүү зарыл. Жөө басуу аймагы деп коёбуз. Жибек Жолу көчөсүнөн баштап, Бөкөнбаев көчөсүнөн чейин, Карпинка көчөсүнөн Алматы көчөсүнө чейин Эркиндик бульварына чейин чектеш керек. Борбордук көчөлөрдө автобустар менен трролейбустар калышы зарыл. Борбордук көчөлөрдөгү бактарды дагы кыйып жатышат. Анын ордуна кичинекей дарактарды тигип жаткандыктан алар кислороддорду бөлүп чыгарып, экологияны тазалай албайт. Акыркы убактарда парктардын көлөмү акыркы жылдарда 100 гектарга азайды. Баардык сейил бактарга өзгөчө корголуудагы аймак деп статус бериш керек. Ошондо гана мыйзамсыз курулуштар болбой калат. Айыл чарба иштерине жумшалып кетип суу жетишпей шаардагы бак дарактар куурап жатат, бул экология үчүн өтө коркунучтуу жагдай болуп эсептелинет.
Ссылка: https://barometr.kg/content594
Добавить комментарий ×