Түркия парламенти бийликтин президенттин колуна топтолушуна макул

21 январь 2017 14:38 379 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Конституциялык реформа тууралуу мыйзам президенттин укуктарын кеңейтүүгө багытталган. Анда премьер-министрдин кызматы жоюлуп, президент аткаруучу бийликти да, мамлекет башчылыкты да колуна алат. Президент каалаган убакта шайлоо өткөрүүгө жана өлкөдө чукул кырдаал киргизүүгө укуктуу болот. Анын жарлыктары да чыккан убагынан тарта күчүнө кирет/ Конституциялык реформа тууралуу мыйзамга 339 депутат макул болуп, 142 депутат каршы добуш беришти. Бирок Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси парламентте 367 добушту талап кылат. Ошол себептүү бул мыйзам апрелдин башында боло турган референдумга чыгарылмай болду

 

Ссылка: https://barometr.kg/content593



Добавить комментарий