Тажикстанда курал көтөрүүдөн баш тарткан жоокер соттолууда

6 сентябрь 2017 11:04 451 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тажикстандын Хатлон облусунда диний себептерден улам аскер кийимин кийүүдөн жана курал көтөрүүдөн баш тарткан жоокердин иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

18 жаштагы Даниил Исломов Тажикстанда тыюу салынган «Иегово күбөлөрү» диний уюмунун мүчөсү. Ал армияга ушул жылдын апрелинде Душанбеде чакырылып, Курган-Төбөдөгү аскер бөлүгүндө кызмат өтөөдө.

«Жоокер диний ишеними жол бербей турганын айтып, азыркыга чейин аскер кийимин бир дагы жолу кие элек»,- деди сотто судья Алишер Рафикзода.

Анын айтымында, Даниил Исломов камакка алынган жок, учурда аскер бөлүгүнүн аймагында. Азырынча сот отурумунун датасы белгилене элек.

Даниил Исломов аскер комиссариатында эле диний ишениминен улам аскер кийимин кийип, курал көтөрө албай турганын билдирген. Апасынын айтымында, уулу альтернативдик негизде жарандык кызмат өтөөгө макул болгон. Бирок аскер комиссариатындагылар каршылыгын билдиришкен.

  

Ссылка: https://barometr.kg/content5909



Добавить комментарий