Өспүрүм баланы унаа менен сүзүп качып кетүүгө аракет кылган айдоочу кыз кармалды
Жол эрежесин бузуп, качып кетүүгө аракет кылган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-сентябрь күнү болжол менен саат 18:22 чамасында Бишкек шаарынын Фучика-Манас көчөлөрүнүн кесилишинен Э.А. аттуу жаш өспүрүмдү сүзүп алып, жол-транспорттук кырсык болгон жерден белгисиз айдоочу изин жашырып качып кетүүгө аракет кылган.
“ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын иликтөө кызматынын жетекчилиги алдында уюшулган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2004-жылы чыккан “Lexus RX-300” үлгүсүндөгү автоунанын ээси, 32 жаштагы Бишкек шаарынын М.Н. аттуу жашоочусу кармалган. Автоунаасы айып пул төлөө үчүн атайын токтотуучу жайга жеткизилген”,- деп айтылат билдирүүдө.
Чогултулган материалдардын негизинде унаанын ээси Бишкек ШИИББнин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Ошондой эле ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгы жогорудагы кылмыш ишинин бетин ачууга жардам көрсөткөн Жака аттуу жаранга ыраазычылыгын билдирет.
Ссылка: https://barometr.kg/content5877
Добавить комментарий ×