Бишкектеги жер алдынан өтүүчү өткөөлдүн курулушу жакында аяктайт
Бөлүшүү:
Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына таянсак, Чүй-Манас жана Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдынан өтүүчү өткөөлдүн курулушу жакында аяктайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Чүй – Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги өтмөк 1978-жылы курулган. Өткөн кылымдан бери аталган объектте капиталдык ремонт жүргөн эмес. Аны реконструкциялоо иштери ушул жылдын май айында башталган.
Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги өткөөлдүн оңдоо иштери дагы жакында соңуна чыгат.
Ссылка: https://barometr.kg/content5873
Добавить комментарий ×