Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева Нарында жүрөт

21 январь 2017 09:35 603 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 

Билим жана илим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева  учурда Нарын аймагында жүрөт. Ал  Капар Кыдыралиев атындагы мектепте окуучулар  мушташып   бычак жеп каза тапкан баланын үйүнө барды жана  жабыркаган баланын абалы менен  таанышты. Окуянын чоо-жайы Министр окуучулардын мушташы боюнча Кочкор районунун акими менен чогуу жыйын өткөрүп, мектептеги тарбия иштеринин начардыгы жана ата-энелер менен иштөө жакшы эместигин баса белгиледи.  Окуучулардын мушташынан кийин Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтан кетти. Ошондой эле Кыдыралиев атындагы мектептин директорун кызматынан четтетүү маселесин карап көрүүнү тапшырды. 

Ссылка: https://barometr.kg/content587



Добавить комментарий