КР ТИМ: Кыргызстан Мьянмадагы конфликттүү тараптарды тынчтыкка чакырат
Бөлүшүү:
Кыргызстан Мьянмадагы конфликттүү тараптарды тынчтыкка чакырат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
“Кыргыз Республикасы БУУнун жана Ислам конференциясы уюмунун уставын жетекчиликке алуу менен, Мьянмада мусулман коомчулугуна карата түзүлгөн кырдаал боюнча өтө тынчыздануусун билдирет жана бардык тараптарды маселени тынчтык жол менен жөнгө салууга чакырат”,-деп жазылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, өткөн аптада Мьянмада жергиликтүү бийлик тарабынан мусулмандар кысымга алынып жаңжалдан улам 400 адамдын өмүрү кыйылганы айтылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content5855
Добавить комментарий ×