Өзбекстанда үй талашкан келин кайненесин өрттөп жиберди
Сурхандарыя облусунун Термез шаарында үч баласы бар келин кайненеси менен үй талашып, аны өрттөп жиберген. Натыйжада 72 жаштагы аял курман болду.Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.
Окуя маалында келиндин он жаштагы баласынын денеси 70% күйүп, ооруканага жеткирилген.
Күбөлөрдүн айтымында, Термез шаарындагы кайнене менен келиндин ортосундагы жаңжал жети жылга созулуп, аягы трагедия менен аяктады. Кошуналарынын айтымында, үч балалуу келин кайненеси менен чогуу жашаган. “Анын күйөөсү 10 жылдан бери Орусияда. Кайненеси ага жатып ичээр келиндин кереги жок экенин айтып, балдары менен кошо үйдөн кууп чыккан. Бирок келин үй ага таандык экенин билдирип, жини менен үйгө бензин чачып өрттөп жиберген”,-деди кошуналардын бири.
Бул факт боюнча “Атайлап өрттөө жана адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Ссылка: https://barometr.kg/content5850
Добавить комментарий ×