Сооронбай Жээнбеков Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ишине нааразы
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жумушчу кеңешме өткөрдү. Анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигиндеги корупциялык тутумду демонтаждоо боюнча тыкыр планды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды. Өкмөт башчы эскерткендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылдын 12-ноябрындагы «Мамлекеттик органдардагы саясый жана тутумдук коррупциянын себептерин четтетүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу тобу тарабынан Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде ведомстводогу тутумдук корупцияны демонтаждоо боюнча тыкыр план бекитилген.Биринчи мониторинг 2015-жылдын 9-июнунда өткөрүлгөн, анын натыйжасында Мамагенттиктин Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча иштери жетишсиз деп таанылган. 77 иш-чаранын 12си аткарылып, 21и жарым-жартылай аткарылып, 44ү аткарылган эмес. Экинчи мониторинг 2016-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн, анын натыйжасында Мамагенттиктин аталган багыттагы иши канааттандыраарлык эмес деп таанылган. Мониторнг учурунда иш-чаралардын дээрлик жарымы аткарылган эмес. «Ведомстводогу тутумдук коррупцияны жоюуга багытталган чаралардын маанилүү бөлүгү ишке ашырылбастан, же жарым-жартылай аткарылууда. Орун алган абалдын себеби Мамагенттиктин жана мамлекеттик орган жетекчилеринин корупцияга каршы туруу жаатындагы өз милдеттерине шалаакылык менен мамиле жасагандыгында жатат», – деди Сооронбай Жээнбеков. Эскертүү алган агенттиктин жетекчиси мындан ары ишин жөнгө салаарын убадалады.
Ссылка: https://barometr.kg/content585
Добавить комментарий ×