Кадыр Сакиев, Геология илим изилдөө институнун директору, Геология илимдеринин доктору: «Ар бир кен чыккан жердин баарын өндүрүшкө бере берсек жерибиз бузулат»
-Кадыр Сатыбалдынович, учурда Кыргызстандагы геологиялык өндүрүшүнүн абалы кандай?
- Геологиялык өндүрүш тармагын эске ала турган болсок жылдан жылга геологиялык тармак өнүгүп келе жатат. Бирде болбосо бирде Кумтөрдөн кийин алтын кен байлыгы ишке кирээр алдында турат. Жууп чайкап ала турган алтындар дагы иш үстүндө турат. Алтын казып алуу көбөйүп бара жатканынан улам экологияга тынчсыздануу бар. Бизде геологиялык жактан иштер абдан көбөйүп жатат. Убакыт өткөн сайын ар бир кокту колоттордо эле бирден кен байлык өндүрүп алганды эч ким каалабайт эле. Бул жагынан алганда коркунучтар жок эмес. Биздин максат жаратылышыбызды кийинки муундарга таза калтыруу. Геологиялык жак экономикалык өндүрүшкө жеңил болгону менен муну дагы жакшы саресеп салып өндүрүшкө бериш керек. Ар бир кен чыккан жердин баарын өндүрүшкө бере берсек жерибиз бузулат. Кен байлык чыккан жердин көбү жайлоо багытында колдонуп жүргөн тоолордо болот. Бизде мал чарбасы менен жашайбыз. Жердин баарын каза берип жаратылышыбызды бузуп алсак бизге туура келбейт.
Ссылка: https://barometr.kg/content584
Добавить комментарий ×