Өзбекстандын президентинин иш сапарынын маалында чек ара келишимине кол коюлат
Бөлүшүү:
Эртең 5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга келиши күтүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда болгон басма сөз жыйынында президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирди
Мирзиеёвдин иш сапары учурунда эки өлкөнүн ортосундагы чек ара боюнча келишимге кол коюлат.
Өзбекстандын президенти иш сапарынын алкагында өкмөт башчы Сапар Исаков жана Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен дагы жолугушмакчы.
Эскерте кетсек, кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1378 чакырым. Анын ичинен 320 чакырымы тактала элек, тагыраак айтканда талаштуу делген 58 аймак бар.
Ссылка: https://barometr.kg/content5830
Добавить комментарий ×