Атамбаев аппарат башчысы Алмаз Усеновду кабыл алды

4 сентябрь 2017 13:16 375 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2-сентябрда, Аппарат Жетекчиси Алмаз Усеновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда мамлекеттик органдар менен тыгыз өз ара аракеттенишүү аркылуу түрдүү багыттардагы өлкөдөгү стратегиялык милдеттерге тиешелүү Президенттин тапшырмаларынын аткарылышынын жүрүшү талкууланды.

Мамлекет башчысы Аппарат Жетекчиси менен 2040-жылдарга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча иштин жүрүшүн дагы талкуулады.

Президент Алмазбек Атамбаев түрдүү тармактардагы маанилүү долбоорлорду өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашырууну тиешелүү көзөмөлгө алып, аткарылышын камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

  

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5817



Добавить комментарий