Бишкек шаарындагы №3 мектепте жаман сөздөр жазылган, тытылган китептерди таратышты

4 сентябрь 2017 12:46 1362 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Социалдык түйүндөрдө Бишкек шаарындагы №3 орто мектептин окуучуларынын ата-энелери алардын балдарына 1-сентябрда тытылган китептерди беришкенин жазышууда.   

Ата-энелердин бири Андрей Кириленко Facebookтагы “кара тизме” деген топко кирип баласына мектептен берген китептин сүрөтүн жарыялады.   

Сүрөттө китепти колдонууга болбой турганы, анын баракчалары гана айрылбастан мурдагы колдонгон окуучулар уят комментарийлерди жазышканы көрүнүп турат. 

Социалдык түйүндөрдө бул кызуу резонанс пайда кылды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5811



Добавить комментарий