Интерпол тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн кытайлык жаран Кыргызстанда кармалды

4 сентябрь 2017 12:29 328 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Интерпол тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Интерпол тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн Кытай Эл Республикасынын 50 жаштагы Чен Ксиянфу (CHENXIANFU) аттуу жаранын кармашкан. Өз мекенинде кылмыш кылгандыгы үчүн Шандунь провинциясынын укук коргоо органдары ага издөө жарыялаган. Издөөдө жүргөн жаран 2013-жылы биздин өлкөгө келип, Кыргыз Республикасынын аймагында ишкерлик менен алектенүүгө уруксат берүүчү документке ээ болуп, жеке ишкерлик менен алектенип жүргөн.

“30-августта болжол менен саат 09:30 чамасында кармалган жаран Кытай Эл Республикасынын укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, Бишкек-Урумчи багыты боюнча учуп кетти”,- деп айтылат маалыматта.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5810



Добавить комментарий