Акылбек Жапаров, ЖКнын депутаты: «Албетте кыргыз ишкерлеринин ишин алдыга жылдырууга толук мүмкүнчүлүгү бар»

20 январь 2017 14:34 418 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 

-Бизнес рейтингин жогорулатууга кыргыз ишкерлеринин толук мүмкүнчүлүгү барбы?

- Албетте кыргыз ишкерлеринин ишин алдыга жылдырууга толук мүмкүнчүлүгү  бар. Бул жерде  ар бир ишкердин бизнести ачууда, жабууда,  иштөөдө  канча убактысы кетет жана канча акча  сарптайт ушул гана белгиленет.  Мунун баардыгы Кыргызстандын өкмөтү,  парламенти менен гана көз карады.  Электр энергияны кошулуу боюнча 183-орунда жүрөбүз. Демек  элдер дүйнөлүк бизнес рейтингдин атайын тизмесин ачат дагы электр энергиясы жок болгондон кийин шарт жок экен деп айтышат. Муну  оңдоп коюш кыргыз өкмөтүнүн эле колунан келет. Кайсы жерде кандай бөгөттөр бар, кайсыл  жерде кошулса болот, кайсыл жерде кошулса болбойт деген картаны эле  сыртка чыгарып койсок болот.  Көбүнесе баары биздин шалаакылыгыбыздан. Биздин айыл чарба министрлиги  Казакстан товарларды албайт деп капа болуп олтурат. Жок, казактар  силерге теориялык, практикалык жактан дагы  жардам  берели.  Эмне кылып  жардам берели  десе биздин өкмөт эч нерсе сунуштай албай олтурушат. Бажы биримдигине киргенден кийин алардын шартына көнүшүбүз керек. Аларда  айыл чарба министрлигинин астында ветеринария инспекциясы бар.  Биз бул экөөнү эки башка коюп койгонбуз. Алар бирөөнө кат жазса беркиниси жооп бербейбиз дейт. Деги алардын бизден баштары айланып бүттү.  Ветеринардык институтту  айыл чарба министрлигине кошуп туруп,  министрди керт башың менен жооп бересиң деп койгонго бир эле калемдин учу менен он минтуттук убакыт кетет. Ушуну жасашпайт. Ар кайсы тармактагы адамдардын кызыкчылыгынан өлкө кызыкчылыгы өйдө болуп калганы мени абдан өкүндүрөт. 

Ссылка: https://barometr.kg/content581



Добавить комментарий