Президентикке талапкер болуп жаткандардан 35 жаштагы кош бойлуу, үй-жайы жок аялга жардам берүүнү сурашууда

4 сентябрь 2017 12:18 1095 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Бишкек шаарынын тургуну Александра Косицына социалдык түйүндөр аркылуу 35 жаштагы Еленага көмөк сурап кайрылды. Беш айлык боюнда бар Елена көчөдө жашайт.

Косицына  президентикке талапкерлер аялга жардам берип калышабы деген үмүттө.  

 

Кош бойлуу аялга медициналдык көмөк жана убактылуу баш калкалоочу жай керек, анткени кыш түшүп келе жатат. 

Косицына энеси мындай жүрсө баласы аман калбайт го деп кооптонууда. 

"Бул Елена, ал 35 жашта, 5 айлык кош бойлуу. Елена көчөдө жашайт. Мен аны кокусунан көрүп калдым. Селсаяк кош бойлууларды көргөн эмес болчумун. Чуркап барып көмөк сунуштасам, менин аябай курсагым ачты деди. Ал мага кыйын жашоосун айтып берди”,-деп жазды Бишкектин тургуну.   

Социалдык түйүндөрдө бул аял кызуу талкуу жаратууда, көпчүлүгү көмөк берүүгө даяр экендиктерин айтышты.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5809



Добавить комментарий