Бишкек шаарындагы “Азиз” базарында өрт чыкты
Бөлүшүү:
Бишкек шаарынын “Азиз” базарындагы өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Биринчи Май районунда 4-сентябрда саат 06:09 чамасында М. Ганди көчөсү 201-дарегиндеги “Азиз” базарынын болжол менен 600 чарчы метр административдик имараты жана кампа күйүп кеткен. Ушул эле күнү саат 07:42де өрт чектөөгө алынып, саат 09:52де толугу менен өчүрүүлгөн.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМнын куткаруучулары тартылган.
Ссылка: https://barometr.kg/content5805
Добавить комментарий ×