Бек Борбиев: КТРканын каналдарынан чыкпай калганыма бир нече жыл болду

4 сентябрь 2017 11:43 3061 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эстрада ырчысы Бек Борбиев бир нече жылдан бери КТРКнын каналынан аны көрсөтүшпөй калганын айтып даттанды.

 Ырчы социалдык түйүндөргө жарыялаган кабарда аны КТРКнын баардык каналдарынан көрсөтүшпөй калгандары жазылган.

“Менин ордума бир ырчы ырдап жүрөт, гитарачан”,-деп даттанды Борбиев.

Колдонуучулар Борбиев мамлекет башчысын кыйытып жатат дешүүдө.

 Бул пост кызуу талкуу жаратты.

 Белгилей кетсек, буга чейин президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн ырларынын жыйнагын чыгарган.

 Эскерте кетсек, 2014-жылы ЖМКлар Борбиев Москвада качкын президент Курманбек Бакеивдин мааракесинде ырдаганын айтып чыгышкан. Кийинчерээк ырчы өзүнүн баракчасына сцена менен саясатты алмаштырбоону өтүнүп  соцтүйүндөрдү колдонуучуларга кайрылган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5804



Добавить комментарий