Кытайдын калкы 1 миллиард 282 миллионго жетти
Бөлүшүү:
Кытай Эл Республикасынын калкы (Гонконг жана Макао административдик райондорун кошпогондо) 2016-жылдын аягында 1 миллиард 382 миллион адамга жетти. Бул туурасында РИА Новости Кытайдын мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына таянып билдирди. Өткөн жылы көз жумгандардын саны 9,77 миллионго жеткен. Ал эми жынысы боюнча алганда калктын 708,15 миллиону эркектер, 674,56 миллиону аялдар экен. Кытайда ошентип орточо эсеп менен 104,98 эркекке 100 аял туура келет. Бул өлкөдө өткөн жылы шаардагы элдин саны арбып, айылды пааналагандар кыскарып кеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/content576
Добавить комментарий ×