Эгемендик күнүндө шаардагы коомдук транспорттун каттамы өзгөрөт
Бишкек шаардык мэриясы Эгемендик күнүндө Чүй жана Киев көчөлөрүнүн Тыныстанов жана Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыктары жабык болгонго байланыштуу шаардагы коомдук транспорттун каттамы өзгөрө турганын эскертет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
31-августта саат 6:00дөн 12:00гө чейин № 9 троллейбусттук каттамдын иши токтотулат. № 7 автобусттун каттамы Тунгуч кичи районунан Цирк аялдамасына чейин, бир тарабы Ак-Ордодон Ош базарына чейин гана болот.
№ 38 жана № 42 автобусттардын каттамдары Токтогул жана Москва көчөлөрү боюнча болот.
Чүй жана Киев көчөлөрү менен жүрө турган микроавтобусттардын каттамдары Токтогул, Москва, Фрунзе көчөлөрү боюнча өзгөртүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content5755
Добавить комментарий ×