Анкарада жүргөн кызды ооруканага жаткырып, ким экенин аныкташты

30 август 2017 12:44 513 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бир нече күндөн бери  Анкаранын көчөлөрүндө жүргөн кыргыз кызынын ким экени аныкталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Айымкан Кулукеева кабарлады.

Кыздын сүрөтү ЖМКга жарыялангандан кийин ТИМге анын туугандары  телефон чалган.

 Түркиядагы Кыргызстандын элчилиги кыздын ким экенин тактады - ал 1987-жылы туулган Жалал-Абад областынын Жийде айылынын тургуну экени аныкталды.

 Кызды кечээ Анкаранын полициясы кармап дипломаттардын көмөгү менен ооруканага жаткырылды.Айыккандан кийин мекенине кайтарылат.

Эскерте кетсек, Barometr.kg  буга чейин Түркиянын Анкара шаарында кыргыз улутундагы аялдын туугандарын издеп жатышканын жазган.

Социалдык тармактар аркылуу кыргызстандыктарга шаарда жүргөн  кыздын сүрөтүн жөнөтүшкөн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5743



Добавить комментарий