Курман айт күнү Ошто муниципалдык автобус жана троллейбустар акысыз кызмат көрсөтөт

30 август 2017 12:11 429 Barometr
Бөлүшүү:
ok

1-сентябрь Ыйык Курман айт жана билим күнүнө карата  Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдын буйругуна ылайык, муниципалдык автобустар жана троллейбустар шаарга келген тургундарды жана конокторду акысыз тейлейт.Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев жалпы Кыргызстандыктарды Ыйык Курман айт майрамы жана билим күнү менен куттуктап, бекем ден соолук каалап, билимдүү жаштар көбөйүп, мамлекет гүлдөп өсө берсин деген тилектерин билдирди.

Белгилей кетсек 1-сентябрь күнү муниципалдык автотранспорттор кечке чейин акысыз каттайт.

Айта кетсек, муниципалдык автотранспорттор шаардыктарга экинчи ирет акысыз кызмат көрсөтүп жатат. Биринчи жолу үстүбүздүгү жылдын 25-июнь Орозо айт күнү акысыз каттаган.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5741



Добавить комментарий