30-августа Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы

30 август 2017 11:08 491 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 30-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +29...+34; Талас аймагында түнкүсүн +7...+12, күндүз +28...+33; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +30...+35; Баткен дубанында түнкүсүн +14...+19, күндүз +31...+36; Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +21...+26; Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +24...+29;

Бишкек шаарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +15...+17, күндүз +32...+34 градус ысык болот.

Ал эми 31-августта жана 1-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5735



Добавить комментарий