Бишкекте 17 жаштагы Айгерим Балтабаева дайынсыз жоголду

30 август 2017 11:05 489 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Бишкекте 2000-жылы туулган Айгерим Балтабаева дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.  

 24-августта болжол менен саат 16да кыз  Чүй жана Тоголок Молдо көчөсүндөгү «Пекинская утка» кафесиндеги жумушунан чыгып ошол бойдон кайрылып келнен эмес.

 Белгилери: бою 165-170 см, дене түзүлүшү орто, чачтары кара далысынан ылдый өскөн, көздөрү күрөң. Өзгөчө белгилери жок.

А.Балтабаева тууралуу билгендер болсо 0(312) 56-82-60; 0(551) 10-25-38; 0(551) 10-21-62; 0(554) 10-24-34; 0(551) 10-21-63 телефондоруна байланышууну өтүнүштү.

Ссылка: https://barometr.kg/content5734



Добавить комментарий