ОшМУда айлык акы көтөрүлө баштады

19 январь 2017 19:21 451 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ОшМУда профессордук-окутуучулук курамдын, окуу-көмөкчү персоналдардын, административдик чарба кызматкерлердин айлык акылары жыл сайын үзгүлтүксүз жогорулап келе жатат. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматы билдирди. Анда айтылгандай, быйылкы жылы да ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, кызматкерлери январь айынан баштап негизги кызматтык окладына буга чейинки кошулган стимулдардан сырткары негизги кызматтык окладына 30-40%га чейин кошулган эмгек акыларды ала башташат. Соңку 5 жыл аралыгындагы эмгек акыны 6 жолку жогорулатуу менен бүгүнкү күндө анын өлчөмү бир ставкада иштеген илимдин доктору, профессор – 34 440 сом, илимдин кандидаты, доцент – 28 020 сом, улук окутуучу – 19 600 сом, окутуучу үчүн – 15 350 сомду түзүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content573



Добавить комментарий