Сүлүктүдө шахта басып калган кенчилердин биринин абалы оор

30 август 2017 10:19 374 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сүлүктүдө шахта басып калган кенчилердин биринин абалы оор. Бул тууралуу Сүлүктү шаардык ооруканасынан билдиришкенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Маалыматка караганда, шаардагы "Марипов" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык көмүр шахтасында 28-августтун кечинде кен урап төрт шахтерду басып калган.

Алардын үчөө бейтапканага жеткирилген, биринин абалы оор, реанимацияда жатат. Калганынын абалы дурус.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын маалыматы боюнча, быйыл Кыргызстандагы кендердеги кырсыктардан он жети кишинин өмүрү кыйылды. Адам өлүмү менен коштолгон кырсыктардын он экиси көмүр, калганы алтын кендеринде болгон. Жалпы кырсыктын ону Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы көмүр кендерде орун алган.

Ссылка: https://barometr.kg/content5729



Добавить комментарий