Ош шаарынын мэриясынын коллегиясынын кезектеги жыйыны өттү
Кечээ, 29-август күнү Ош шаарынын мэриясынын Коллегиясынын кезектеги жыйыны болду. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, мектеп директорлору жана мугалимдер келип катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жыйындын күн тартибинде эки маселе каралды:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы №120 жарлыгы менен бекитилген КРнын улуттук коопсуздугунун концепциясын аткаруунун жүрүшү жөнүндө;
2. 2017-2018-жаңы окуу жылына карата Ош шаарынын жалпы билим берүүчү мекемелерин даярдоонуну жыйынтыгы жөнүндө;
Күн тартибиндеги 1-маселе боюнча Ош шаарынын биринчи вице-мэри З.Аскаров маалымат берди.
“Акыркы үч жылдын ичинде эле “Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун Концепциясынын” талаптарына ылайык Координациялык Кеңештин 8 жыйыны өтүп, 11 маселе каралды. Жыйынтыгында шаардын аймагында жайгашкан мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу, укук коргоо органдары, алардын структуралары менен биргеликте ведомстволор аралык кызматташтыгы активдешип, улуттук коопсуздукту камсыздоо маселеси ишмердиктин артыкчылык берилген багыты болуп калды. Коопсуздукту жана укук тартипти бекемдөө максатында ”Коопсуз Ордо” долбоорунун алкагында улуттук коопсуздукка олуттуу коркунуч алып келген террроризмге жана диний экстремизмге каршы иш-чараларды аймактык кеңештерде, “Жапалак” аймактык айылдык башкармалыгында жеткиликтүү уюштурууну камтыган түшүндүрүү иштери жүргүзүлө баштады. Анын жыйынтыгында 13 мобилдик топ түзүлүп, топтун мүчөлөрү жер-жерлерде шаар тургундарынын коопсуздугунун алдын алууга багытталган, радикалдык идеологиянын кесепеттерин сындаган үгүт-чакырыктар туруктуу жүргүзүлүп жатат. Ош шаарынын мэриясы жаңы структуралар менен биргеликте шаардын масштабында өткөрүлүп жаткан иш-чараларды, мисалы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк Күнү, Орозо, Курман Айттары, Ош шаарынын Күнү сыяктуу эл көп топтолгон учурларда шаардыктардын коопсуздугунун чаралары алдын ала көрүлүп, өзгөчө кыраакылык менен мамиле жасоонун чараларын жүргүзүү системалуу мүнөзгө ээ болууда. Мындан ары да эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, айрыкча сепаратистик тенденцияларды, улуттар аралык карама-каршылыктардын, радикализмден чыгып келген терс көрүнүштөрдүн, улуттук коопсуздуктун эң негизги коркунучу болгон коррупциянын,наркокоррупциянын өз убагында алдын алуу- бул жалпыбыздын милдетибиз. Жогорудагылардын негизинде Ош шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы № 120 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун Концепциясын жана ушул маселе боюнча кабыл алынган Ош шаарынын мэриясынын Иш-чаралар пландарын аткарууну мамлекеттик жана муниципалдык органдары, мекемелери, уюмдары тарабынан мындан ары күчөтүлүшүнүн зарылдыгын белгилейт”,-деди З.Аскаров.
Ал эми экинчи маселе боюнча Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Авазбек Асанов баяндап, 2017-2018-жаңы окуу жылына карата Ош шаарынын жалпы билим берүүчү мекемелерин даярдыгы туурасында айтып, айрым көйгөлүү маселелерге да токтолду.
Жайкы каникулда Ош шаарында 16 мектептен жалпы 600 окуучу жайкы эс алуу лагерлеринде болду.
Учурда шаарда 55 жалпы билим берүүчү мектеп жана 16 жеке менчик мектеби бар.
Ссылка: https://barometr.kg/content5720
Добавить комментарий ×