Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 5 пайыз деңгээлинде калтырды
Улуттук банк Башкармасы 2017-жылдын 28-августунда эсептик чен өлчөмүн (чен саясатын) 5,00 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2017-жылдын 29-августунан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Учурдагы айкын инфляция Улуттук банк болжолдогон мааниге дал келет жана акча-кредит саясатынын орто мөөнөткө каралган 5-7 пайыз чегинде аныкталган максаттуу көрсөткүчүнүн төмөнкү чегине ыктоо тенденциясына ээ. 2017-жылдын август айында (18-августка карата) инфляциянын жылдык мааниси 3,9 пайызды түзгөн. Ички жана тышкы суроо-талаптын болжолдонуп жаткан өсүшү мында негизги фактордон болууда.
Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүш көрсөткүчтөрү алгылыктуу чекте уланууда. 2017-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча айкын ички дүң өнүмдүн өсүшү 6,9 пайызды түзгөн, ал эми «Кумтөр»[3] алтын кенин казып алуу ишканалары боюнча маалыматтарды эске албаганда, 3,6 пайызды түзгөн. Соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрдө жагдайдын жакшыруусу жана акчалай которуулар агымынын артышы экономиканын алгылыктуу өсүш арымынын сакталышына таасир этүүдө. Экономиканын негизги секторлорунда өндүрүштүн өсүшү байкалып, реалдуу секторду кредиттөөнүн артышы жана кредиттер боюнча пайыздык чендердин төмөндөшү мында негизги фактордун бири катары катталган. 2017-жылдын январь-июль айларында акчалай которуулардын таза агымы 28,8 пайызга көбөйгөн.
Ички валюта рыногу туруктуулугун сактоодо. Жыл башынан бери (25-августка карата) улуттук валюта 0,9 пайызга чыңдалган. 2017-жылдын август айында Улуттук банк ички валюта рыногуна катышкан эмес.
Өлкөнүн башкы банкынын экономиканын өнүгүшүнө түрткү берүү чараларын колдоого багытталган пайыз саясаты акча рыногундагы чендерди Улуттук банк белгилеген чекте сактоого, демек, түпкү карыз алуучулар үчүн кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүгө өбөлгө түзгөн. Бүтүндөй алганда, өлкөнүн банк тутуму улуттук валютада бош турган ликвиддүүлүктү жетиштүү деңгээлде сактап турууда.
Улуттук банктын болжолдоолоруна ылайык, ички жана тышкы суроо-талаптын өсүш тенденциясын, ошондой эле айыл чарба азык-түлүгүн ичтен өндүрүүдөгү өбөлгөлөрдү, ошондой эле азык-түлүккө дүйнөлүк баа динамикасын эске алганда, алдыда турган мезгил ичинде инфляция мааниси 5-7 пайыз деңгээлинде белгиленген орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүч чегинде түптөлөт. Ушул шартта, ошондой эле тышкы жана ички инфляциялык тобокелдиктер орун албаса, эсептик чендин ушул деңгээлде сакталышы экономикага өбөлгө түзүүчү чараларды андан ары колдоого алат.
Инфляцияга тышкы жана ички факторлордун таасирине мезгил-мезгили менен баа берип туруу аркылуу Улуттук банк тиешелүү акча-кредит саясатынын чараларын көрүүнү улантат.
Ссылка: https://barometr.kg/content5719
Добавить комментарий ×