Нурсултан Назарбаев расмий сапары менен Өзбекстанга барат

29 август 2017 14:42 494 www
Бөлүшүү:
ok

Анда Нурсултан Назарбаев казак делегация мүчөлөрү менен бирге Өзбекстандын энергиянын альтернативдүү түрүн пайдалануудагы жетишкендиктери жана энергетикалык потенциалы менен таанышты. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Казакстан президентинин көңүлүн күн панелдери орнотулган электр унаасынын концептуалдык үлгүсү өзгөчө бурду. Андан тышкары мамлекет башчыны күндүн жана шамалдын энергиясы менен иштеген эко-заводдун үлгүсү да кызыктырды.

Казакстан башчысы иштелип чыккан долбоорлордун келечеги бар экенин өзгөчө белгиледи.

Соңунда Назарбаев экскурсия үчүн ыраазычылыгын билдирип, жакынкы убактарда Өзбекстанга расмий сапар менен барууну пландап жатканын айтты.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5710



Добавить комментарий