Милиция кызматкерлери 22 килограм баңгизат сактаган жаранды кармашты

29 август 2017 12:36 348 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Милиция кызматкерлери 22 килограм баңгизат сактаган жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

 27-август күнү Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип 46 жаштагы М.А аттуу Аксуу районунун жашоочусу кармалган. Текшерүү учурунда шектүүдөн 2 капка салынган өзгөчө жыты бар, жашыл түстөгү зат табылып, экспертизага жөнөтүлгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында жалпы салмагы 22 килограммды түзгөн марихуана баңгизаты экендиги аныкталган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда аталган факт боюнча тергөө жүрүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5707



Добавить комментарий