Ислам Каримовдун кызы ЮНЕСКОдогу элчилик кызматтан кетти

29 август 2017 12:00 453 Barometr
Бөлүшүү:
ok

28-августта Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева өлкөнүн ЮНЕСКОдогу өкүлү кызматынан кетип жатканын билдирди.

Reuters агенттиги кабарлагандай, 39 жаштагы Каримова-Тилляева убактысынын көбүн атасынын атындагы кайрымдуулук кордун ишмердүүлүгүнө жардам берүүгө жумшай тургандыгын айтты.

"Алдыда үй-бүлөмө, максаттарыма, Ислам Каримов атындагы корго, ошондой эле башка чыгармачылык, кайрымдуулук жана маданий долбоорлорго көбүрөөк көңүл бурайын дедим. Ушул себептен ЮНЕСКОдогу элчилик кызматтан баш тартууну туура деп таптым", – деп билдирди ал.

Маркум президент Каримовдун учурда Батышта жашап жүргөн кичүү кызы жакынкы убактарда Өзбекстанга кайтып келер-келбесин ачык айткан жок.

Мурдагы президенттин улуу кызы, кезинде Өзбекстандын БУУдагы элчиси болгон Гүлнара Каримова азыр камакта. Өзбек бийликтери ал 2015-жылы беш жылга “эркиндигин чектөөгө” кесилгенин, ал эми Каримованын өнөктөштөрү опузалоо, акча уурдоо жана салык төлөөдөн качканы үчүн соттолгонун өткөн айда расмий жарыялашкан.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5703



Добавить комментарий