Башкы кесилип, таштандыга ыргытылган аялды өлтүрүүгө шектелип 27 жаштагы келини кармалды

29 август 2017 10:37 438 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаарында таштандыдан кескиленген аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда,  27-августта Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районундагы Ош мамлекеттик социалдык университетинин жанындагы таштанды челектен башы кесилген аялдын сөөгүн “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери таштанды жыйнап жүрүп таап алышкан. Болжол менен 40-45 жаштагы аял кишинин башы кесилип, анын буттарын да кесүүгө аракеттенген издери байкалган.

 Аялды өлтүрүүгө шектелип анын 27 жаштагы келини жана келиндин улуу эжеси кармалды.

 Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга камалды.

Ссылка: https://barometr.kg/content5697



Добавить комментарий