Бишкекте ирригациялык түйүндөр калыбына келтирилип жатат
Бөлүшүү:
Свердлов райондук администрациясынын маалыматына таянсак, Чыгыш-5 кичи районунда жолдорду жана ирригациялык түйүндөрдү оңдоо боюнча чоң иштер аткарылып жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
«Бишкекасфальсервис» муниципалдык ишканасы Мамбетов, Айтматов, Кийизбаева көчөлөрүндөгү арыктардын лотокторун оңдоону улантып жатат.
Белгилей кетсек, аталган райондун тургундары жаандан кийин сууну кабыл алган жайлардын жоктугунан убара тартып келишкен. Суу жолдор жана тратуарларга агып, арыктар бүтөлүп калгандыктан дарактар сугарылбай келген.
Ссылка: https://barometr.kg/content5670
Добавить комментарий ×