Таксисттердин машиналарынын абалы текшерилет
Бөлүшүү:
Борбор калаада Кайгуул милициясы таксилерге рейд жүргүзүп, ар тараптан текшере баштады. Бул туурасында шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлап "Милиция кызматкерлери жол эрежесин бузган айдоочулардын бардык документтери менен кошо унаанын техникалык мүчүлүштүгү бар-жогун да текшерет. Ошону менен бирге унаанын техникалык күбөлүгүндө жазылган номери менен тагып жүргөн номери салыштырылат. Кандайдыр бир дал келбестиктер табылса, унаа айып короого токтотулат", — деп билдиришти. Эгерде машиналар талапка ылайык жооп бербесе айдоочулук укугунан ажыратылат.
Ссылка: https://barometr.kg/content567
Добавить комментарий ×