Жеңилүү ызасы. Эмне үчүн Кыргызстандын көк бөрү командасы Казакстандан жеңилип калды?
27-августта Казакстандын Астана шаарындагы Казанат ат майданында көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык оюндары болуп өттү. Мамлекеттик жаштар, дене тарбия жана спорт агенттиги берген маалыматка таянсак, финалда Кыргызстандын командасы Казакстандын командасынан жеңилди. Казакстандын командасы эки таймдын соңуна чейин 4 упай алган. Жалгыз упайды Кыргызстан үчүн Рустам Тыналиев алып берди. Оюндун жыйынтыгы 4:1 эсебинде болду.
Эскерте кетсек, дүйнөлүк чемпионат 21-августтан 27-августка чейин Астана шаарында өткөн.
Ал арада кыргызстандыктар оючундардын жеңишин “уурдап алышты” дешүүдө.Алар төмөнкүлөрдү болжолдошууда.
1. Финалга чейин соцтүйүндөрдө алдын ала жеңилүү боюнча макулдашылган деген сөздөр жүрүп жаткан. Мындай сөздөр жеңилүүдөн кийин күчөдү.
2. Команданын ар бир мүчөсүн сындыруу тууралуу так стратегия иштелип чыккан-казакстандыктар эрежени катуу бузуп биздин спортчуларды камчы менен койгулашкан.
3.Финалда улактын муляжы мурдагыга караганда оор болгон.
4. Казакстандын командасы финалга чейин бир күн эс алууга мүмкүндүк алган.
Ссылка: https://barometr.kg/content5659
Добавить комментарий ×