Россияда кыргызстандык мыкаачылык үчүн 18 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилди
Россияда кыргызстандык адамды мыкаачылык менен өлтүргөн үчүн 18 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилди. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар кабарлашты.
Тамбов областынын прокуратурасына 2016-жылы 1-декабрда Устье Мичуринский районунда болгон трагедия боюнча иликтөө келип түшкөн. Окуя болгон кезде өгөй апасы менен анын багып алган уулу урушуп жаткан, 57 жаштагы кыргызстандык алардын чатагына кийлигишкен. Ал алардын таанышы болгон. Бирок бул үй-бүлө аны улуттук белгилери боюнча кемсинткен. Ушундап улам ал экөөнү өлтүрүүнү чечкен.
Ал ашкана бычагын ала коюп аялдын өгөй баласын башка, моюнга, белге бир нече жолу сайган.
Андан соң аялды полго жыгып 44 ирет бычак сайган, андан кийин из жашырып качып кеткен.
Эркекти медиктер сактап калышкан. Ага чейин эле кыргызстандык анын үч кабыргасын сындырганы тергөөдө белгилүү болду.
Бирок чечим чыгарууда мамлекеттик айыптоочу кылмыш кылган адам күнөөсүн мойнуна алып келгенин, иликтөөгө активдүү жардам бергенин, жабырлануучулар укукка жат аракет кылышканын да айтты. Сот мунун баарын эске алып чечим чыгарды.
Ссылка: https://barometr.kg/content5641
Добавить комментарий ×