Каныбек Иманалиев Сапар Исаковго: Сиздин ал тургай реформаторлук сапатыңыз жок!

26 август 2017 14:11 483 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Кечээ, 25-августта парламенттин кезексиз жыйынында “Ата-Мекен” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев өкмөт башчылыкка талапкер болуп жаткан Сапар Исаковду сынга алды.

 Ал аталган программаны аткаруу мүмкүн эмес деп эсептейт, анткени ага техникалык мүмкүндүктөр жок.

 “Программаларга жазылгандардын баарын ишке ашыруу мүмкүн эмес. Буга ресурстар дагы,  техникалык мүмкүндүктөр дагы жок. Буга тиешелүү адистер зарыл. Мисалы, Россияда ушундай эле программаны киргизиш үчүн 1 миллиондон ашык айтишниктер керек. Бизде андай ресурсттар барбы? Жок. Силердин программаңарды жөн гана кыял деп койсо болот. Анан калса сиз реформатор эмессиз. Сиздин рефоматорлук сапатыңыз жок. Ал тургай сиздин реформаторлук духуңуз да жок”,-деп сындады Иманалиев.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Сапар Исаковду оппозициялык депутаттардын айтканына таарынбоого чакырды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5639



Добавить комментарий