Таанышып алыңыздар жаңы өкмөт башчы! Парламенттин 97 депутаты Сапар Исаков үчүн добуш берди
Кечээ, 25-августта парламент Кыргызстандын 28-өкмөт башчысын шайлады. 40 жаштагы Сапар Исаков премьер-министр болду.
Өкмөттүн жаңы курамын колдоп 97 депутат добуш берди, каршы 5 депутат добуш ыйгарды.
Жаңы өкмөттүн курамы:
Премьер-министри – Сапар Исаков;
Биринчи вице-премьер-министри – Толкунбек Абдыгулов;
Вице-премьер-министри – Дүйшөнбек Зилалиев;
Вице-премьер-министри (социалдык блок) – Чолпон Султанбекова;
Вице-премьер-министри (коопсуздук блогу) – Темир Жумакадыров;
Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиев;
КР тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев;
КР ички иштер министри – Улан Исраилов;
КР юстиция министри – Уран Ахмедов;
КР каржы министри – Адылбек Касымалиев;
КР экономика министри – Артем Новиков;
КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев;
КР транспорт жана жолдор министри – Жамшитбек Калилов;
КР өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов;
КР билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева;
КР саламаттыкты сактоо министри – Талантбек Баатыралиев;
КР маданият, маалымат жана туризм министри – Түгөлбай Казаков;
КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Таалайгүл Исакунова;
КР улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы – Абдил Сегизбаев;
КР коргоо иштери бонча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Мирбек Касымкулов;
КР өнөржай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Улан Рыскулов;
КР маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы – Нурбек Абасканов.
Ссылка: https://barometr.kg/content5636
Добавить комментарий ×