АКШ компаниясы Кыргызстан менен Казакстанда ресторандар түйүнүн ачат

26 август 2017 10:58 494 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Башкы кеңсеси АКШнын Кентукки штатында жайгашкан Papa John’s эл арарык ресторандар түйүнү Кыргызстан менен Казакстандын базарына кирүүгө мүмкүндүк берген макулдашууга кол коюлганын билдирди. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Макулдашууга ылайык, жакынкы беш жылдын ичинде Казакстанда 16 ресторан ачылса, алгачкысы бир нече айдан кийин Алматыда ишин баштайт. Андан сырткары компаниянын жакынкы үч жылда Бишкекте алты ресторан ачуу планы бар. Биринчиси ушул жылдын аягына чейин кардарларды тейлей баштайт деп күтүлүүдө.

Ошондой эле америкалык компания кийинки жылдан тарта Польшада 23 ресторан ачууну пландап жатканын билдирди. «Биздин Орусиядагы ийгилигибиз Казакстанда, Кыргызстанда жана Польшада дагы кайталанат деп ишенебиз», - деди ресторандарды ачуу менен алектенген PJ Western компаниясынын ээси жана аткаруучу директору Крис Уинн.

 

  

Ссылка: https://barometr.kg/content5627



Добавить комментарий