Президенттике талапкерлердин саны 46га түштү

26 август 2017 10:55 436 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жеке ишкер Акылбек Мансуров президенттике талапкер болуп катталуу боюнча арызын кайтарып алды. 25-августка карата шайлоого катышууга ниеттенгендердин саны 46ны түзүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирет.

24-августта дагы үч киши – пенсионер Марат Иманкулов, ишкер Сайнидин Султанидинов жана жергиликтүү өндүрүшчүлөр ассоциациясынын башчысы Бакыт Дегенбаев президенттик жарышка катышуудан баш тарткан.

Президенттикке талапкер болуу үчүн бардыгы болуп 59 киши катталган. Кийинчерээк БШК алардын бешөөнү мыйзам нормаларын бузганы үчүн тизмеден чийген.Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content5626



Добавить комментарий