Көпчүлүк коалициясы өкмөт башчылыкка Сапар Исаковдун талапкерлигин колдоду
Парламенттин көпчүлүк коалциясы бүгүн, 25-августта Сапар Исаковдун талапкерлигин өкмөт башчылыкка колдоду. Ошондой эле ал сунуштаган өкмөттүн курамы колдоо тапты.
“Өкмөттүн программасы “Жаңы доорго – кырк кадам” деп аталат жана беш жылга эсептелген, анда өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги беш багыты камтылган”,-деп айтты жыйында талапкер Сапар Исаков.
Программа 18 подпункттан турат жана Кыргызстанды реформалоого 9 улуттук реформа жана өнүктүрүүгө 9 программа сунушталган.
Программалардын бири “Таза коом” программасынын базасында ишке аша турган “Коопсуз жана жагымдуу чөйрө” деп аталат.
Башкаруу системасын реформалоого багытталган программа “Элге кызмат кылуу” деген программа, таза шайлоону камсыз кылууга багытталган “Таза шайлоо-туруктуу мамлекет” деген программа да бар.
Жыйындын соңунда көпчүлүк коалиция өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын колдоду.
Ссылка: https://barometr.kg/content5598
Добавить комментарий ×