Эгемендик күнүндө жана Курман айтта Бишкектин борбордук көчөлөрүнө чектөө киргизилет
Бөлүшүү:
31-август-Эгемендик күнүндө жана Курман айтта Бишкектин борбордук көчөлөрүнө унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган маалыматка таянсак, Чүй көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгү, Тоголок Молдо, Логвиненко көчөлөрүнүн жана Эркиндик бульварынын Чүй көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки аралыктары жабылат.
Ссылка: https://barometr.kg/content5597
Добавить комментарий ×