25-августта Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы

25 август 2017 10:35 509 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 25-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Алай өрөөнүнүн батыш тарабында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10...+15, күндүз +24...+29; Талас аймагында түнкүсүн +6...+11, күндүз +24...+29; Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +28...+33; Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +16...+21; Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +21...+26;

Бишкек шаарында 25-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +13...+15, күндүз +27...+29 градус ысык болот.

Ссылка: https://barometr.kg/content5585



Добавить комментарий