Министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрүнө каршы болгон жарандык активисттер Ак үйгө өкүрүп келишти
Кечээ, 24-августта Ак үйдүн жанындагы 2010-жылы 7-апрелде курман болгондорду эскерген укук коргоочулар нааразылык акциясын өткөрүштү.
Митингге укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Сапар Аргынбаев жана башка жарандык активисттер катышты.
Аянтка келген бир нече эркек 2010-жылдагы 7-апрелде курман болгон 90 кыргызстандыкты эскерип өкүрүк салып ыйлашты. Мындай жол менен нааразылык акциясынын катышуучулары өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнө макул эместиктерин да билдиришти. Алардын пикиринде өкмөттүн жаңы курамына Бакиевдердин кланын колдогон чиновниктерди сунуштап жатышат.
“7-апрелде каза болгондор жөн эле жандарын кыйган болуп калабы”,-дешет алар.
Эскерте кетсек, 24-августта парламентиин КСДП фракциясы премьер-министрликке талапкер Сапар Исаковдун программасын угушкан.
Barometr.kgге фракциянын катчылыгынан кабарлашкандай, жыйын консультациялык мүнөздө болду.
Депутаттар Исаковдун программасын угушту жана суроо беришти. Бирок фракция чечим кабыл алган жок.
Бүгүн көпчүлүк коалициясынын жыйыны болот.
Сапар Исаков жаңы өкмөттүн түзүмүн мурдагыдай калтырып, бирок министрлер кабинетинин курамына бир катар өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылган.
Негизинен Исаков өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнө төмөнкүлөрдү сунуштады:
Биринчи вице-премьер-министрликке Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов;
Экономика боюнча вице-премьерликке Өнөр жай боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев;
Чек ара боюнча вице-премьерликке коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Джумакадыров;
Каржы министрлигине - биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев;
Экономика министрлигине өкмөттүн аппаратынын каржы боюнча бөлүм башчысы Артем Новиков;
Маалымат технологиялары боюнча мамлекеттик комитетке спикер Чыныбай Турсунбековдун мурдагы жардамчысы Нурбек Абасканов;
Өнөр жай боюнча мамлекеттик комитетине ушул эле комитеттин орун басары Улан Рыскулов;
Өкмөттүн аппарат жетекчилигине (министрдин даражасында)- Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Нурханбек Момуналиев;
Мамлекеттик кадр кызматынын башчысынын орду бош-президенттин квотасы
Ссылка: https://barometr.kg/content5582
Добавить комментарий ×