Ошто билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси өттү
Бүгүн, 24-август Ош шаарында жылда өтүүчү билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси болду. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, билим берүү башкармалыгынын башчысы Авазбек Асанов, Ош шаарында жайгашкан билим берүү мекемелеринин директорлору, мугалимдер жана шаар тургундары катышты.
Биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров өз сөзүндө акыркы үч жыл ичинде Ош шаарында билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп келе жаткандыгын белгиледи.
“Ош шаарынын мэриясы билим берүү кызматкерлерин ар тараптан колдоп келет жана колдоого дайым даяр. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен мугалимдерге коммуналдык төлөмдөр үчүн жеңилдиктер жыл сайын каралып келет. Быйыл 10 млн.566 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Ал эми 2017-жылдын январь-май айлары үчүн Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын шашке чайды уюштурууга 22 млн.300 миң сом каражат бөлүндү. Бул максатта жыл ичинде 45 млн.196 миң сом жумшалат. Мындан тышкары эскилиги жеткен имараттарды жаңылоо, алыскы аймактарга мектеп, бала бакча куруу эң биринчи максат. Жакынкы аралыкта курулуш иштери бүткөн имараттарды колдонууга беребиз”,- деди З.Аскаров.
Конференциянын жүрүшүндө биринчи вице-мэр З.Аскаров “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын негизинде билим берүү тармагындагы көп жылдык эмгеги, 2016-2017-окуу жылындагы мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасын жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.
Аны утурлай Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов алдынкы билим берүү кызматкерлерин сыйлады.
Ошондой эле, жыйындын алкагында жаңы окуу жылындагы милдеттер, негизги багыттар туурасында сөз болуп, “Республиканын туруктуу өнүгүүсү үчүн билим берүү системасындагы ийгиликтүү практика жана жаңы чечимдер” деген аталышта өттү.Мындан тышкары окуучулардын эмгектери коюлган көргөзмө уюштурулду.
Ссылка: https://barometr.kg/content5568
Добавить комментарий ×