Кайрадан жеңиш! Кыргызстандын көк-бөрү боюнча курама командасы мөөнөтүнөн мурда финалга чыкты
Бөлүшүү:
Кыргызстандын көк-бөрү боюнча курама командасы Астанада өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта мөөнөтүнөн мурда финалга чыкты.
Бүгүн Кыргызстандын курамасы Тажикстанды 15:2 эсебинде жеңди.
Оюндун биринчи таймы 9:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасына аяктаган.
Эскерте кетсек, Кыргызстан буга чейин Монголиянын командасын 4:0 эсебинде, Өзбекстанды 11:2, Түркияны 13:3 эсебинде уткан.
Ссылка: https://barometr.kg/content5561
Добавить комментарий ×